“Балыкчы Акжол Ынтымак” коомунун жетекчиси, мурда Акыйкатчылык кызматка талапкер болгон Тукунов Акжолтой менен баарлашып, президенттик жарышка чыгууга камданып жатканы боюнча сүйлөштүк.

 

- Акжолтой мырза, “Балыкчы Акжол Ынтымак” коому кандай иштер менен алек болот?

 

- Биз карапайым адамдардын аз болсо да жүгүн жеңилдетели деп колубуздан келишинче жардам беребиз. Башкача айтканда, Балыкчы шаарында башталгыч класстарга билим берген “Айша” кыздар интернатын уюштурдук. Жыл сайын аталган интернатка жана жардамга муктаждарга кол сунуп,  керек деген нерселерди алып беребиз. Ошондой эле элге да, мамлекетке да пайдалуу жакшы демилгелерди ишке ашырып, элди ынтымакка, тазалыкка үндөгөн акцияларды уюштуруп турабыз. Айтайын дегеним, 2016-жылы “Ыссык-Көлдү таза сактайлы” деген акциянын негизинде Балыкчыда жайгашкан “Толкун”, “Сейил” деген  эки пансионаттын ичин да, тышын да тазалап, жалпысынан 6 тонна мусор чыгардык. Муну менен эле токтоп калбай, жаштарды сергек жашоого үндөө үчүн спорттук мелдештерди өткөрүп, элге майрам тартуулайбыз.

 

- Бул коомду элге кол кабыш кылуу үчүн ачтыңарбы  же “саясатка аралашып калсам, элдин колдоосуна ээ болоюн” деген максатта ушундай жакшы саамалыктар менен алек болосуңарбы?

 

- “Балыкчы Акжол Ынтымак” коому кагаз жүзүндө былтыр гана каттоодон өтүп, юридикалык күчкө ээ болгонубуз менен 5 жыл мурда эле патриоттор биригип алып, элдин алкоосуна татыган  иш-чараларды уюштурчубуз. Мен мындай иштерди депутат же министр болуу максатында эмес, карапайым  адамдарга жардам берип, жаштарга үлгү болуп, кичи мекенимдин сыймыктуу уулуна айлануу үчүн жасайм. Бирок, менин саясатка аралашам деген амбициям болбогону менен мени колдогон адамдар адилеттүүлүк, калыстык менен иш кылганымды жактырып, Акыйкатчылыкка да талапкер кылдырышкан. Бу сапар “президенттикке сендей гана адам татыктуу болот. Сенин пейилиң ток, жейин деп жулунбайсың”- деп президенттикке да ат салышымды сунуштап жатышат. Президенттик шайлоого катышамбы-жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Бирок, мени президенттик так үчүн ат салышымды сунуштап жаткандарга ыраазычылыгымды билдирем...

 

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.02.2017-жыл