2014-жылы журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн "Маалымат.kg" сайтына Ош жана Жалал-Абад шаарындагы кыргыз өзбек кандуу кагылышы тууралуу макаласын жазып жарыялаган. Макалада, "Ош коогалаңына Убактылуу  Өкмөт күнөөлү жана тийешеси бар. Чыр чактактын тутанып кетишин алдын ала билишсе дагы токтотууга алдын ала аракет көрүшкөн эмес. Ошол убактарда Убактылуу өкмөт кызмат бөлүшүп, банк ячейкаларынан акча уурдап жүрүшкөн. Ал тургай Кадыржан Батыров менен Алмазбек Атамбаев бат-баттан жолугуп жүргөн, кийин Батыров Атамбаевдин жардамы менен качып кеткен",- деп жазылган.

 

Буга чычалаган Атамбаев журналистти сотко берип 2 млн сом доого жыгып, мындан тышкары бүткүл ММКлардан кечирим сурап, жазган макаласын төгүндөсүн деп милдеттендирген. Бирок, жакында Орунбеков жазгандарды Өмүрбек Текебаев, Эмилбек Каптагаев бышыктап, алар дагы айтышты. Эми, Орунбековду куугунтуктаганды токтотуш керек. Ал тургай Кадыржан Батыров дагы "Атамбаев менен жолуккамын, мени Убактылуу өккмөт өзү чыгарган",- деп айтпадыбы?!

 

Эми 2 млн сом төлөй албаган Орунбековду каматам деп жатат. Өткөн жылы президент "Мен Орунбековду эч качан кечирбейм, эгер президент болбосом сабайт болчумун",- деп оолукканы бар. Быйыл Алмаз Шаршеновичтин мөөнөтү аяктап, анан эс алууга кетет. Кетээр алдында журналистти каматам деп жулунбай, айкөлдүк кылып, керек болсо чакырып кеңешин айтып, колун кысып, башын сылап сотко чекит койбойбу. Коомчулук, "бали, президент айкөл экен!",- демек...

 

Адилет Кылычев

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.02.2017-жыл