Ички иштер министрлигинде 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өтүп, анын жыйынтыгы боюнча 30дан ашуун башкармалык, бөлүм жетекчилери кызматтан алынды. Көпчүлүгү муну жаңы министр Улан Исраиловдун “чисткасы” катары кабыл алууда. Бир чети, кыргыз милициясында атына заты жарашпаган, сөзү менен иши төп келбеген кадрлар жайнап кеткени, андайлар өң тааныштык менен кызматтарга турушканы көптөн бери айтылып келе жатат. Демек, кызматтан алынган бир топ жетекчилер татыктуу баасын алды.

 

ИИМ башчысынын 1-орун басары Сүйүн Өмүрзаков жер-жерлердеги кээ бир жетекчиликтер тарабынан жумушту уюштуруу, элдин коопсуздугун тиешелүү түрдө камсыз кылуу, кылмышка каршы күрөшүү боюнча дагы да болсо кемчиликтер бар экенин коллегияда баса белгилеген эле.  “Муну ачык эле айтыш керек. Кээ бир жетекчилер тарабынан өз милдеттери так аткарылбай келүүдө. Себеби, жарандар жер-жерлерден арызданып, ички иштер министрлигине чейин келип жатат. Бул жергиликтүү жетекчилер тиешелүү түрдө иштебейт дегенди билдирет. Жарандардын арыздары убактысында каралбай алар ары-бери жөнөтүлүп, убара болушууда”,- дейт ал.

 

Министр Улан Исраилов ички иштер органдарынын тергөө кызматтарын, бангизаттарга каршы күрөшүү, кылмыш иликтөө, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматтарынын ишмердүүлүгүн сынга алган. Анын айтымында, жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан бир топ оор кылмыштардын бети ачылбай жатат, баңгизатка каршы күрөшүү иштери солгун жүрүүдө. Дал ушундай сын-пикирден улам кызыл шапкечен жетекчилердин жоон тобу кызматынан айрылды.

 

Бирок, алардын арасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробековдун кызматтан алынганы коомчулукта кызуу талаш-тартышты жаратууда. Көпчүлүк Жениш мырзанын такшалган адис, өз ишинин чебери экенине басым жасашууда. Анын тушунда Жалал-Абад облустук ИИБси жаңы бийиктикке көтөрүлгөнү ырас. Ошондуктан, мындай жетекчилер жерде калбашы шарт.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.02.2017-жыл