Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн, 7-февралда Бишкекте укук коргоочу, экономист, Акаевдин диктатуралык-тоталитардык режиминин чөгүшүнө чоң салым кошкон, чындыкты тайманбай айткан патриот инсаныбыз Шералы Назаркуловдун жаркын элесине арналган митинг реквием болот.

 

Укук коргоочу Ш.Назаркулов А.Акаевдин бийлиги учурунда Үзөнгү-Кууштун Кытайга сатылып кетишине каршы ачкачылык жарыялап, саясий акциянын 22-күнүндө, 2002-жылдын 7-февралында каза болгон. Активдүү атуулдук позициясы үчүн кийин ал “Эрдик” медалы менен сыйланган.

 

Эскерүү реквием митингге укук коргоочулар, Шералы Назаркуловдун жакындары жана коомдук ишмерлер катышмакчы.