Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн, 2017-жылдын 6-февралында, Жогорку соттун жаңы дайындалган үч судьясын соттук коллегияларга шайлоо тууралуу КР Жогорку сотунун Пленуму болду. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирет.

 

Пленумда Жогорку соттун судьяларынын бир добушу менен Камчыбеков Шерали Равшанбекович жана Токтомамбетов Кеңешбек Божокоевич Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын мүчөсү, Давлетов Айбек Абубакирович Жогорку соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын мүчөсү болуп шайланышты.

 

Ал эми Жогорку соттун судьясы, административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиянын мүчөсү Б.Акматов Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясына мүчө болуп шайланды.

 

Эске салсак, 2017-жылдын 2-февралында Жогорку Кеңеш  президент тарабынан сунушталган КР Жогорку сотунун судьялык кызматтарына талапкерлер А.А.Давлетов, Ш.Р.Камчыбеков жана К.Б.Токтомамбетовду жактырган. Отурумда парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынып, аталган судьялар парламентте ант беришкен.

 

Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президент Алмазбек Атамбаевге КР Жогорку сотунун судьялык кызматтарына 5 талапкер сунушталган.

 

2016-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешип, анын жыйынтыгын жана кошумча алынган маалыматтарды эске алуу менен КР Жогорку сотунун судьялыгынын кызматына 3 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштарына макулдугун берген.