Жалал-Абад, “Саясат.kg”. Жалал-Абад шаарында жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктардын санын азайтуу максатында бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева билдирди.

 

Анын айтымында, жарыяланган бир айлыктын башталышы катары бүгүнкү күндө жаш өспүрүмдөр арасында катталып жаткан кылмыштуулуктардын санын азайтуу жана аны болтурбоо багытында шаар мэриясында билим берүү тармагынын, жаштар комитетинин, шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн  адистеринин катышуусунда атайын жыйын өткөрүлдү. 

 

- Биздин негизги максатыбыз балдарыбызды кооптуу интернет оюндарынан алыстатуу, жашы жете элек өспүрүмдөргө дүкөндөрдө тамеки жана спирттик ичимдиктерин сатууларын токтотуу, кылмыштуулуктан оолактатуу багытында жарыяланган бир айлыктын алкагында жаштар, коомчулук өкүлдөрү менен бирдикте күчөтүлгөн тартипте комплекстүү иштерди аткаруу эсептелет. Бул боюнча тиешелүү тармактарга тапшырмалар берилди,- дейт А.Раматиллаева.

  

Эскерте кетсек, шаарда жүргүзүлгөн комплекстүү аракеттердин натыйжасында Жалал-Абад шаары боюнча балдардын арасындагы кылмыштуулук саны мурдагы жылдарга караганда азайып баратат.