Жалал-Абад, “Саясат.kg” – А.Токсонбаев. Бишкек-Ош унаа жолунда 40 миң куб метр кар атып түшүрүлдү. Бул жараян ушул жылдын 8-февралына дейре улантылат. Мындай аракеттер дагы беш трассада жасалып жатат. Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

 

- Ошентип, 8-февралга дейре Төө-Ашуу, Өтмөк ашууларында жана Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы жолдо кар атып түшүрүү иштери дагы улантылмакчы. Башталган иш-чаралардан улам 38 миң куб метр кар атып түшүрүлүп, мындай аракеттер дагы уланталмакчы. Мындан тышкары, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миңкуш, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя жана Красная Горка - Ак-Таш унаа жолдорунда кар көчкүлөрдү атып түшүрүү боюнча премьер-министрдин атайын буйругу чыккан, - деп кошумчалады өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.

 

Өкмөт мүчөсү Кубатбек Боронов ошондой эле ызгаарда жолго чыккандарды жол коопсуздугун бекем карманууга үндөдү.