Жалал-Абад, “Саясат.kg” – А.Токсонбаев.  Сузак районуна караштуу Сары-Булак айылынан он үч үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлатбек Алимбеков кабарлады.

 

- Аталган аймакта 26-январда жер көчкү жүргөн. Мен азыр ушерде жүрөм. Жер көчкү эки үйдү жана жылкыны басып калган. Абал, чынында, кооптуу. Ошондуктан, 13 үй-бүлөнү коопсуз жайларга аргасыздан көчүрдүк, - деди өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлатбек Алимбеков.

 

Давлетбек Алимбеков кошумчалагандай, жер көчкүдөн жапа чеккендер жылуу кийим-кече жана башка күнүмдүк турмашка керектүү зарыл каражаттар менен толук бойдон камсыз кылынды.