Ош, “Саясат.kg” – А.Токсонбаев.  Ош облусунда ашказан рагы абдан күч алды. 2015-жылы онкология борборунан 70 жаран дарыланып чыкса, былтыр бул дартка  чалдыккандардын саны дээрлик алты учурга өстү.

 

- Ушул тапта Ош облустук онкология борборунда жети бейтап дагыле дарыланып жатат. Булардын алтооно чукул операция жасалды, - деди Ош облустар аралык онкология борборунун хирургия бөлүмүнүн башчысы Абакир Эсенбаев.

 

Баса, ашказан рагынын пайда болушуна көбүнчө туура эмес тамактануу себепкер. Дасыккан дарыгерлер бул илдеттен айыкса болоорун дагы айтышат. Тилекке каршы, басымдуу бейтаптар оорунун баштапкы стадиясында эле доктурларга кайрылбай, дарт абдан өтүшүп кеткенде гана ооруканага барышат экен.

 

Белгилей кетчү жагдай: ушул эле айда Ош облустук онкология борборуна жаңы медициналык жабдыктар алып келинди. Бирок, алар дартты так аныктоо үчүн гана кызмат кылат экен.