Ош, “Саясат.kg” – А.Токсонбаев.  Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчылыгына Алтынбек Болбур уулу  шайланды.

 

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчылыгына үч талапкер; Алтынбек Болбур уулу, Шерикбай Жапанов, Султанбек Каришов ат салышышты. Жыйынтыгында 50 пайыздан көп добушка татыган, мындайча айтканда, 11 добуш менен Алтынбек Болбур уулу айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

 

Эске сала кетчү жагдай: Алтынбек Болбур уулу буга дейре Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында иштеген.