Ош, “Саясат.kg” – А.Токсонбаев. Кыргызстандын түштүк башкалаасында жөө кишилер өтүүчү өзүнчө асма көпүрө куруу абзел! Мындай демилгени Ош шаарынын мурдагы вице-мэри, ушул тапта Ош шаардык Кеңешинин депутаты Алымжан Байгазаков жар салды.
- Эгерде долбоор колдоо тапса, Ош шаарындагы унаа тыгыны эң көп катталган көчөлөргө жөө адамдар өтүүчү асма көпүрөлөрдү курсак, унаа тыгыны 70-80 пайызга дейре кыскарат, - деди Ош шаардык Кеңешинин депутаты Алымжан Байгазаков.
Алымжан Байгазаковдун баамында, бул долбоор чындап жүзөгө ашса, Ош шаарындагы унаа тыгындары дээрлик 70-80 пайызга дейре кыскарат.
- Өтмөктү жер алдынан курабыз десек, бир топ эле кымбатка түшөт экенбиз. Эгерде асма көпүрө курсак, анда буга болжол менен 15-20 миллион сом гана керектелет. Ошондуктан, унаа тыгыны көп катталган Масалиев-Навои жана Курманжан датка-Айтиев көчөлөрүнүн кесилишине көпүрө куруу сунушун карап чыгып, акыры Ош шаарынын мэрине жөнөттүк,- деп кошумчалады Алымжан Байгазаков.
Ошондой эле эл өкүлү көпүрө курууга сарпталчу каражатты шаардык бюджеттен табууга мүмкүнчүлүк дагы бар экендигин кошумчалады.