Айрым мамлекеттерде, мисалы, кошуна Казакстанда кайсы бир банктан же мамлекеттик мекемеден карызы бар жарандарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салган мыйзам бар. Мындай чара жеке жарандарга канчалык зыян келтире тургандыгы түшүнүктүү болгон менен мамлекетке пайда келтирери белгисиз. Бирок биздин өкмөттүн да бюджетти кантип толтуруунун амалыбы же башка себеби барбы, айтор, парламент тарабынан салык карызын кыскартып, мамлекеттик бюджеттин кирешесин жогорулатуу үчүн карызы бар жарандарга кыймылсыз мүлк, унаа сатып алууга, чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу сунушталып жатат. Мындай мыйзам долбоору парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду. Документти демилгелеген сегиз депутат бул кадамы менен салык карыздарын кыскартып, бюджет кирешесин жогорулатууну көздөөдө. Алар салыктан качкан адамдарга бир нече чек коюу керек деп эсептешет. “Карызынан кутулмайынча ал адамга жеке иштери менен чет өлкөгө чыгууга жана кызматтык командировкага барууга тыюу салынат”,- деп айтылат мыйзам долбоорунда. Мындан тышкары, карызы барларга кыймылсыз мүлк же унаа сатып алууга тыюу салынып, ишмердүүлүк үчүн лицензия же уруксат берилбейт. Демилгечилер өлкө жарандарынын укугу гана эмес, мамлекет алдында милдети да бар экенин эскертет. Ошентип акырындап диктатура өкүм сүргөн кошуналарга окшошуп баратабыз...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (281), 1-февраль, 2017-жыл