Илгери бир жаны сыздап ооруган аял молдокеге дем салдырганы барса, ал тигил аялдын уяттуу – жан жерин кармалап жибериптир, “Молдоке, мен жаным менен убара, сиз мени менен... убарасыз”,- деген экен ал аял айласы кетип. Азыркы кыргыз медицинасынын карапайым элге болгон мамилесине карата канчалык уят жана орой болбосун, ушул сөздү гана айтсаң куп жарашат. Анткени Конституция боюнча медициналык кызмат көрсөтүү элге бекер болгон менен Гиппократтын антын сандыкка катып койгон медиктер ар кандай айла-амалдар менен ооруулуулардан акча өндүрүп келишет. Бирок өткөн жумада парламенттин бакандай депутаты Сайдулла Нышанов: медицина акысыз болуп жаткандыгы үчүн бизде жакшы врачтар болбой жатат”,- деп баарыбыздын оозубузду ачырды. Анын айтымында, Саламатты сактоо министри Т.Батыралиев бул орунга реформатор катары келген, бирок андай деле реформалар жасалбай жатыптыр. “Врачтардын, медкызматкерлердин эмгек акысы өтө төмөн экенин сиз жакшы билесиз. Бул саламаттыкты сактоо системасында коррупциянын гүлдөшүнө алып келүүдө. Андан жаманы – биздин врачтар диагнозду туура коё алышпайт. Бизден окуп бүткөн мыкты врачтар чет өлкөлөргө кетип калышууда”,- деп кейиди Сайдулла аке. Бирок бизнес менен шугулданган депутат кара нанга жетпей жүргөн эл кокус медицина мыйзамдуу түрдө акы төлөй турган болуп калса, ооруганда ооруканага эмес эле, тиги дүйнөгө бара турган болуп каларын түшүнөр бекен?!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (281), 1-февраль, 2017-жыл