Өткөн жумада Ош шаарында “хизбутчу” деп кармалган жарандын үйүнөн "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун китепчелери табылгандыгын Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырган дисктер менен катар “Бир дүйнө Кыргызстандын”: “Өз укугуңду коргой бил”- деген китепчелери табылган. Ошондой эле кармалган адам тергөө учурунда элди чогултуп, чыр чыгарууга аракет кылган. Бирок "Бир дүйнө Кыргызстан" уюму коопсуздук кызматынын мындай маалыматын жокко чыгарып, уюмдун жетекчиси Т.Исмаилова: “Биздин ал окуяга эч тиешебиз жок. Ал жакка бизден эч ким барган да эмес. УКМК Азимжан Аскаровдун өкүмү угузулган күнү биздин уюмга карата ушундай негизсиз каралоо жүргүзгөнгө аракет кылды. УКМКны сотко беребиз”- деп, коркмок турсун, кайра өлкөбүздүн башкы коопсуздук органын коркутту. Эгер АКШ тарабынан каржыланган бул адам укугун коргоо жана демократияны жайылтуу менен алектенген уюмдун террордук уюм менен байланышы бар экендиги чын болсо, анда өлкөбүздөгү диний абал чындап эле опурталдуу чекке жетип калыптыр... Бирок УКМК эски адатын карматып, саясатчылар, молдокелерге жана журналисттер менен “тамашалашкандай”, жөн эле пиар кылып аткан болсо, анда демибизди бир аз ичке ката турсак болчудай...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (281), 1-февраль, 2017-жыл