- Кубат мырза, “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизип, Омбудсмен институтунун макамын жогорулатуу боюнча коомдук талкуу болду. Мыйзамдагы толуктоолордун демилгечиси ким? Бүгүнкү күндө аталган институттун макамын жогорулатуунун зарылчылыгы барбы?

 

- “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору буга чейин көп ирет коомдук талкуудан, эксперттик текшерүүдөн өткөн экен. Ага ылайык, мыйзамды эл аралык нормаларга туура келтирүү максатында иштелип чыккан. Буюрса, Асел Кодуранова, Алманбет Шыкмаматов баштаган бир топ депутаттардын демилгеси менен Омбудсмен жөнүндө мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргени жатат. Негизги өзгөчөлүк, Париж принциптери деген эл аралык нормалар бар, ага дал келтирүү иштери десек да болот. Париж принциптерине дал келиш үчүн Улуттук укук коргоо институту бийликтеги саясый ар-кандай конъюнктураларга көз каранды болбошу керек . Институт катары “В” деген бөлүк менен каттоодон өткөнбүз. Ошону “А” деген бөлүккө туура келтириш керек экен. Ошондой эле Омбудсмен кызматына талапкерлерди көргөзүү жана орун басарлары даярдоо жоболору да кайра баштан каралып жатат.  

 

- ЖК депутаты А. Шыкмаматов талкуу учурунда, “Акыйкатчы кызматы саясый күчтөрдүн таасиринен көз каранды болбошу керек”- деди. Мындай пикирге негиз барбы?

 

- Биринчи кезекте, саясый партиялардын мамлекеттик башкаруудагы ролун жокко чыгара албайбыз. Ошол эле учурда, адам укуктары  баарынан жогору турган саясат экендигин эске алышыбыз керек. Кыскасы, партиялык кызыкчылыктардан өйдө туруш керек. Бирок, саясый партиялар добуш берүүгө келгенде, бары бир өздөрүнүн пикир позициясын тигил же бул талапкерге карата билдире алат. Талапкерди бейөкмөт уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү көргөзгөн күндө дагы, талапкер тигил же бул партияга ыктаган болуп калышы толук мүмкүн.  Андан башка дагы бир катар талаптар коюлууда. Маселен, талапкерди көргөзүүдө саясый партиялар дагы, жарандык коомдун өкүлдөрү дагы, чыгырмачыл кеңештер дагы катарында кала берсе деген ойдомун.

 

- Акыйкатчы институту чын эле саясаттышып кеттиби?

 

- Эми чындыгында бул, буга чейинки Акыйкатчылардын иштерине карата айтылган пикир окшойт. Анткени мурдагы Омбудсмендердин иштери жана жасаган аракеттерин карап турсак, албетте саясат бар. Бирок бул институтта иштеп туруп саясаттан тыш болуу мүмкүн эмес. Кандай маселе болсо да,  калыстык пикирден тайбай, акыйкаттык чекти туура кармаса иш жакшы жүрөт десем болот.

 

- Соңку мезгилдерде, айрым массалык маалымат каражаттарында, сиз КТРКда жетекчи болуп турганда, “коррупцияга жол берилген” же “Акыйкатчы мыйзам бузгандарды колдоду”- деген пикирлер жазылып жатканын окуп калып жатабыз. Бул боюнча не дейсиз?

 

- КТРКда башкы директор катары 5 жылга жакын иштеп, көптөгөн эмгек жасалды. Мисалы: кошумча 3 телеканал, бир радио, бир сайт ачылды. Ошондой эле контент деңгээлин жогорулатып, алдыңкы каналга айлантуу аракеттери көрүлдү. Укук коргоочу катары жумушумду баштап жаткан учурдан баштап, айрым гезиттер “КТРКда жетекчи болуп турганда  коррупциялык элементтерге жол берген” деген макалаларды жазып жатышат. Атап айтканда, котормолор бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөнү боюнча сөз кылышууда. Айтып коюшум керек, бул жерде эч кандай коррупция жок. Мыйзам чегинде баардыгы так аткарылган. Тийешелүү тендер жарыяланган. Ошол учурда, мыйзамга ылайык “бир компания катышса дагы болот” деген жобо бар болчу. Ал тендерди өткөргөнгө чейин, тендердик коммиссия түзүлгөн. Гезиттерге жарыяланып, Каржы министрлигине  билдирилген. Анан гезиттер жазып жаткандай, “Айтыш фильм” катышкан. Бир катар тасмаларды которгон. Иш жыйынтыгы атайын комиссия тарабынан кабыл алынган. Ал тасмалар азыр КТРКда сакталып, эфирге кетип жатат. Чындыгында бул арыздар мурда дагы болгон. Ага ылайык, Эсеп палатасы, антикоррупциялык кызмат текшерип, эч кандай тартип бузуу тапкан эмес. Башкача айтканда эч кандай коррупция болгон эмес.

Мынча болду “Акыйкатчы катары террористтерди, уюшкан кылмыштуу топторунун өкүлдөрүн коргоп жатат”- деген пикирлерге түшүндүрмө берип коёюн. Биринчиден, Максат Кунакуновдун арызы  жаңылык эмес. Былтыр 2015-жылы апрелде УКМКнын кармоочу жайына кирип, ар бир бөлмөнү кыдырып, мониторинг жасагам.  Ал учурда, абакта Данияр Нарымбаев, Каныбек Жороев, Бектур Асанов, Нурлан Турсункулов жана Максат Кунакунов  отурган. Булардын ичинен Максат Кунакунов, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров мени менен жолугушуу ниетин билдирген. Алардын суранычтарын айтып, дароо эле Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына  маалымат бергем. Ошол учурда, Кунакунов “ичип жаткан тамагымданбы же суугабы  психотроптук кошумча кошуп коюшканбы, эмнегедир өзүмдү билбей калдым, акыл эсимди жоготкондой болдум” деген. Бул иш жабык өтүп жатат. Алардын жактоочулары башкалар менен катар эле бизге кайрылып жатышат. Бизге жылына 15 миңдей киши кайрылат. Алардын ичинде, аты аталган адамдын укук коргоочулары дагы бар. Ички процедура боюнча биз ар бир арызды текшеребиз. Омбудсмен институтунун кызматкерлери ал жакка байма-бай барып, аңгемелешип турушат. Мага айткандарды аларга деле айтышыптыр. Жумагазиев болсо “тырмак алдыма ийне сайып жатат”-деди. Биз “кыйноолор болуп жатат” деген билдирүү жасадык. Анткени,  кыйноо болуп жаткандыгын жаап жашыра албайбыз. Ошондуктан  айткандарын ачыкка чыгардык.

 

Ошондой эле Калысбек Аскаров деген жарандын туугандары 13-январда кайрылып, онунда кармалып, он биринде Биринчи май райондук соту УКМКнын убактылуу кармоо жайында кармалсын деген чечим чыгарып бергенин айтышып, туугандары “бизге эч кандай маалымат берилген жок” дешти.  Бизге түшкөн арызга ылайык, биз аны издеп баштадык. Алгач  ИИМдин уюшкан кылмышка каршы күрөш башкармалыгына бардык. Ошол жерден Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында кармалып жаткандыгын билип, жактоочусу менен бардык. Сүйлөштүк, көзү көгөрүп калыптыр. Өтүк менен тепкенби  же таяк менен сабашканбы, эки капталы да көк ала экенин көрдүк. Өзү да “башым ооруп турат, мени эки күн сабашты”- деди. Аксап басканын көрүп, “бутуңа не болгон?”- десек “эки бутумду эки жакка керди”- деди. Тез жардам чакырдык. “Мээси чайкалган”- деген бүтүм чыгарып берди. Анан убактылуу кармоо жайынын кызматкерлери аны Улуттук госпиталга алып барышты. Ошол жерден Стамбул протоколу боюнча “кыйноо болду” деген протокол түзүлдү. Прокурор келип, арызын алды.

 

Мыйзам боюнча убактылуу кармоо жайында 48 саттан ашык кармоого болбойт. Тиги жигитти 3 суткадан ашык кармап койгон. Анан экинчи мыйзам бузуу - туугандарына айтпай соттук чечим чыгарышкан. Биз ачыкка чыгаргандан кийин гана “Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү” деген маалыматты уктук. Эми, бизге Акыйкатчы институтуна арыз жазган адамды оруссуңбу, өзбексиңби, кыргызсыңбы деп улутуна бөлүп тергебейбиз, “баңгисинби, каттоодо турасыңбы”- деп сурабайбыз. Бизге, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны кайрыла алат. Кармап кеткенден кийин жоголуп жатса, Акыйкатчы катары жардам бердик. Ал биздин  милдетибиз. Ошондуктан, “Кубат Оторбаев кылмышкерлерди колдоп жатат” дегенге кошула албайм. Биз жарандын укугу бузулуп жатабы, ошону карайбыз. Эгерде, жарандардын укугун коргобой, сен баланча экенсиң, сен түкүнчө экенсиң десек,  анда да бөлүп-жарып жатат деген сөз болмок. Андыктан мындан саясат жасоонун кереги жок. Биз укуктук мамлекетте жашашыбыз керек.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (281), 1-февраль, 2017-жыл