Бишкек, “Саясат.kg”. Президент Алмазбек Атамбаев Италия түндүгүндөгү автокырсыктан венгр окуучуларынын  курман болушуна байланыштуу Венгрия президенти Янош Адерге көңүл айтты

 

“Италия түндүгүндөгү автокырсыктын кесепетинен венгр окуучуларынын  курман болгону тууралу жаман кабарды кабыргам кайышып кабыл алдым”, - деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

 

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына  жана жакындарына чын дилинен чыккан сөздөрү менен көӊүл айтып, трагедиядан жапа чеккендердин тезинен сакайып кетишин тиледи.

 

Associated Press маалымдагандай, венгр окуучуларын алып бараткан автобус Италиянын Верона шаарына жакын жерде эстакаданын тирөөчүн сүзүп, өрттөнүп кеткен. 16 окуучу курман болгон. 39 адам аман калган, бирок арасында оор жаракат алгандары да бар.

 

Венгр окуучулары Франциядагы тоо-лыжа курортундагы каникулдук эс алуудан кайтып баратышкан.