Бишкек, “Саясат.kg”. Жалал-Абад шаарындагы коомдук эс алуучу жайларда санитардык тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Саясат.kg” маалымат агенттигине шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы Болот Жусупбеков билдирди.

 

Анын айтымына караганда, шаарда жайгашкан Токтогул, ошондой эле Жеңиш эс алуу багында азыркы учурда абаттоо, санитардык тазалоо иштери кызуу жүрүп жатат.

 

- Токтогул эс алуу багы кыш мезгилинне шылтоолонуп өз убагында каралбай, тазаланбай  калгандыктан, эс алуучу жайдын кароолчу-тазалоочу жумушчусу Расул Хамидовго жумушуна кайдыгер мамиле жасагандыгы үчүн эскертүү берилди. Шаардын тазалыгы үчүн эс алып жаткан ар бир жаранда кайдыгер мамиле жасабашын суранаар элем, - дейт ал.

 

Эскерте кетсек, Токтогул багы 1952-жылдан бери, ал эми Жеңиш багы 1957-жылдан бери эс алуучу жай катары пайдаланылып келет. Ал эми жакында эле интернетте Токтогул эс алуу багы санитардык жактан тазаланбай жатканы тууралуу маалымат тараган.