Бул туурасында Алай районунун акиминин биринчи орун басары, атайын штабдын башчысы Мамашарип Мусаев маалымдады.

 

- Авиакырсыктын айынан Корул айыл өкмөтүнүн тургандары - 1989-жылы туулган Айжамал Орозбаева, 1959-жылы туулган Бүнаркан Орозбаева, 2006-жылы туулган Тимур Максатбеков, 1976-жылы туулган Айнуса Келишова, 2006-жылы туулган Айбол Шайырбек уулу набыт тапты. Бүгүн кичи мекенинде маркумдар менен коштошуу зыйнаты жасалат. Бардык чыгымдарга Кыргыз Республикасынын президенти өз эсебинен которгон каражаттар сарпталууда. Ошондой эле жергиликтүү бийликтер дагы четте калышкан жок, каралашып жатышат,- деп кошумчалады Мамашарип Мусаев.

 

Баса, Гонконг-Бишкек-Стамбул багыттары боюнча жүк ташыган учак 2017-жылдын 16-январында саат 07.17 чамасында “Манас” аэропортуна жакын Дача-Суу дача аймагында кырсыкка кабылып, бир катар үйлөрдү сүзүп, а түгүл талкалап кеткен. Анан артынан өрт дагы тутанган.

 

Аталган учак Бишкек аэропортуна конуп, май куймак. Унаа министрлигинин маалыматына караганда, учактын ичинде 85 тонна ар түрдүү жүктөр жүктөлгөн. Авиакырсыктын кесепетинен 35 адам каза тапты. Булардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү тургундар. Кыйраган учак дача аймагындагы 15 турак жайды дагы басып калган.

 

Булак: Майдан.kg” гезити, №01 (279), 18.01.2017-ж.