Биздин милициялар, өзгөчө МАИ кызматкерлери чындап эле алсызбы же кыздарыбыз кыйынбы, айтор бир жума мурда Ошто Алтынай Жайнакова деген өзүн ырчы жана журналист катары тааныштырган сулуу бийкеч патрулдук милиция кызматкеринин кашын жара тепти. Алгач МАИ кызматкерлери рулунда супсулуу бийкеч отурган  “иномарканы” токтотуу белгисин беришкен. Бирок ал токтобой кете бергендиктен, артынан кубалап барып, жолун торой токтотушканда күбөлүгүн көргөзүп, “крышасы” түз эле шаардык милиция начальниги экендигин айтат. Эмнегедир сулуунун бир аз сеп этип алгандыгынан шек санаган инспекторлор аны медициналык жактан текшерүүнү чечишет. Мындай “зордукту” күтпөгөн Алтынай айым күбөлүгүн көрсөтүп,  “крышасына” чалганда да “тез жардам” келбегенден кийин күч менен милициянын машинасына отургузулат. Дал ушул учурда ал арткы орундукка чалкалап туруп, алдыңкы орундукта бараткан инспектордун чекесине шиш така менен бир ирет кадимки Брюс Линин “позасында” туруп тепкенде тигинин кашы жыртылып, кан агып кетип жатпайбы. Көрсө, оңбогон милицияларың деле кадимки “Кавказ туткуну” фильминде Нинаны уурдап бараткандай Алтынайдын уят жерин кармап, карап жиберишкен турбайбы...

 

Булак: Майдан.kg” гезити, №01 (279), 18.01.2017-ж.