Өзбекстандын экс-президенти И.Каримов оо дүйнө салгандан бери кыргыз-өзбек мамилеси жакшырып, карым-катнашыбыз, соода-сатыгыбыз жандана баштады. Алгач ала допу ашыналардын, жаңы президенти Ш.Мирзиёевдин кыргыздарга кол сунуп, биз менен жакшы алака түзө баштагандыгы да жакшы жышаандын белгиси. Көрсө, бир эле биз алардын газына көз каранды эмес, алар да биздин суубуз менен картошка, этибизге көз каранды экен. Ага жооп кылып өткөн айда президентибиз А.Атамбаев Самаркандка барып, маркум И.Каримовдун мүрзөсүнө куран окуп, бир катар заводдорду кыдырып келди. Ушул жумада Ошто Ташкенттен келген жоон топ делегация чек ара маселесин талкуулоодо. Тараптар чек арага байланыштуу маселелерди тезирээк чечип, өз ара достук ымаланы бекемдөө зарылдыгын белгилешүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул ирет кыргыз-өзбек чек арасынын талаштуу аймактарынын көпчүлүк бөлүгү чечиле турган болууда. Негизи акыркы мезгилде мурдагыдай чек араларда атышуу, адашып экинчи тарапка кирип кеткен адамдар менен малды камап коюу сыяктуу чыр-чатактар дээрлик токтоп калды. Көрсө, мурдагы чыр-чатактардын баардыгы жасалма же кимдир-бирөөлөр тарабынан атайлап жасалып келген турбайбы. Эгер чек аралар такталса эле, мурдагыдай базарыбыз кызып калмакчы.

 

Булак: Майдан.kg” гезити, №01 (279), 18.01.2017-ж.