Сыягы, 2010-жылы Ош окуясында милиция кызматкеринин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар делип Жогорку сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган сепаратист Азимжан Аскаровдун эл аралык (Батыштык) уюмдардын кысымы менен кайра каралып жаткан соту Кыргызстан үчүн оор экономикалык жана каржылык зыян алып келет окшойт. Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети анын камалышы мыйзамсыз деген негизде бошотууну талап кылган. Бир чети эл аралык атка жамынган уюмдар А.Аскаровду пешка катары колдонуп, кайрадан эски жараны тырмоодо жана эки элдин ортосуна бүлүк салуу аракетин көрүүдө. Натыйжада Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, мурунку өкүмдү жокко чыгарган. Сот 17-январда аяктап, мурдагы өкүм күчүндө калмак же ал түрмөдөн бошотулмак. Чүй облусттук соту процесс 24-январга жылдырылгандыгын билдирди. Жакында “Эл аралык журналисттер уюму” деген мекеме эл аралык каржы институттарына эгер А.Аскаров бошотулбаса, Кыргызстанга жардам берүүнү токтотуу өтүнүчү менен кайрылды. Азырынча мындай такилипке кандай жооп берилгендиги белгисиз. Баары соттун жыйынтыгына жараша болору күтүлүүдө. Эми биздин сот адилет чечиминде турабы же...

 

Булак: Майдан.kg” гезити, №01 (279), 18.01.2017-ж.