“Шайтандын чоңунан кичинеси жаман” демекчи, биздин чоң депутаттардан да кичинелеринин (жергиликтүү кеңештер) элдин эсебинен жашаганын мындай кой, төш белгиси оңбогондой акчанын башын жей турган болду. Макул, булар элдин эсебинен жебей, ичпей, тайраңдабай жүрдү беле деп, жалпы суммасы 3,5 млн. сомду чапчыган акчага төш белги жасаткандыгына да макул болгонбуз. Кашайып “и” менен “ү” тамгасынын айырмасын билбеген “билермандар” ошол төш белгини да туура эмес (ЖЕРГИЛҮКТҮҮ КЕҢЕШ) жазып алышыптыр. Тендерди “Медальер” деп аталган компания утуп алган жана төш белгилерди даярдоого жалпысынан 3,5 миллион сомго жакын акча кетери айтылган болчу. Анысы да (тендери) жөн өтпөй, кызыл кыргын, сары сүргүн менен өткөн (себеби кызылдай акча жешет да). Болгондо да ар бир төш белгини 75 сомдон жасап берем деген Виталий Подстречный деген жеке ишкердин сунушу четке кагылып, андан бир топ кымбат жасай турган ишкананы тандап алышы, буларга тендерге жамынып алып акча жеш кызыктуу экендигин далилдеп койгон.  Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге шайлана турган депутаттардын алтындын буусуна кармалган төш белгисине жана күбөлүктөрүн жасатууга бюджеттен 6 миллион 300 миң сом сарпталат экен. Эми ушунча акча коротуп сабатсыз жазылган төш белгини жергиликтүү депутаттар тагынышабы же... Негизи буларга ушундай төш белги эле “жарашат”...

 

Булак: Майдан.kg” гезити, №01 (279), 18.01.2017-ж.