“Ырынан чыры көп” бул ишканадагы коррупция тууралуу көп эле айтылып, жазылып келатат. Бирок Кыргызстанда канча бийлик алмашкан менен, эки ирет революция болсо деле ушул тармак же оңолбоду же коррупциядан арылбады. Себеби эл менен мамлекетти эмес, жеке кызыкчылыгын ойлоп келген бийлик ушуга окшогон коррупцияга белчесинен баткан тармактардан акча жасайт. Дегинкиси бизде темир жолубуз деле жок. Болгону бир жумада 5-6 вагон бир жүк ташыган Бишкек-Балыкчы темир жолун айтпаганда, Казакстанга 10 километр жетпеген жолубуз бар. Анткен менен темир жол ишканасынын жетекчилери миллиондогон акчаларды сол чөнтөгүнө солоп келишет. Жакында эле 11 автоунааны оңдоого 100 миң долларга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяга ылайык 11 автоунааны оңдоого “Кыргыз темир жолу” ишканасы 7 миллион сом жумшоо ниетин билдирген. Анда Daewoo Espero автоунаасына 332 миң сомго чукул, Honda Odyssey 278 миң 609 сом, Audi 100 унаасына 163 миң сом, Toyota Mark II автоунаасына - 290 миң сомго тетик алынат экен. Көрсөтүлгөн унаалардын катарында Mercedes-Benz Е320, Daymler-Crysler 430, Nissan March, Toyota Land Cruiser үлгүлөрү да бар. Бирок бул автомашиналарды оңдоого бөлүнгөн акча алардын жаңысын сатып алуудан да ашып жатпайбы. Демек, тендер шылтоосу менен акча жегендери кашкайып көрүнүп турат.

 

Булак: Майдан.kg” гезити, №01 (279), 18.01.2017-ж.