Бишкек, “Саясат.kg”. “Манас” аэропортунун жанында жүк ташуучу учактын кыйрашынын айынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтып, аларга материалдык жардам берүүнү тапшырды.

 

Мамлекет башчысы андан тышкары авиакырсыктын натыйжасында жабыр тарткандарды дарылоого жана саламаттыгын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү боюнча буйрук чыгарды.

 

Өкмөткө каргашанын себептерин терең иликтеп жана авиакырсыктын кесепеттерин жоюу чараларын көрүү тапшырылды.