Ош, “Саясат.kg”. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы мектеп окуучуларынын арасында предметтик олимпиада өткөрүүнү баштады.

 

Кечээ, 9-январда кыргыз тили, адабияты жана орус тили, адабияты сабактары боюнча атайын тесттик тапшырмалар өткөрүлүп, ар бир окуучуга өзүнчө суроолор берилди.

 

Баса, шаар алкагындагы предметтик олимпиадага жалпысынан 1600дөн ашык окуучу катышып, алар 11 сабактын түрүнөн сынак тапшырып жатышат. Айтмакчы, акыркы үч жылдан бери электрондук негизде жүргүзүлүп жаткан олимпиада билим берүү түзүмүндөгү паракорчулукту азайтып, окуучулардын чыныгы билим деңгээлин көрсөтүүгө өбөлгө түзүп жаткандыгын адистер баса белгилешүүдө.

 

Алишер Токсонбаев