Кыргызстандын Көз карандысыз журналисттер бирикмеси медиа тармагында иштегендердин социалдык абалын талкуулайт. Андан тышкары, кесиптик эрежелердин сакталышы, журналисттик этика нормалары, милдеттер, маалымат айдыңындагы көйгөйлөр тууралуу сөз болот.

 

Уюштуруучулар кабарлашкандай, жыйын 14-январда кечке жуук “Аю гранд комфорт” ишканасынын жыйындар залында өтөт.

 

Талкууга журналисттерден тышкары мамлекеттик, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, мекемелердин басма сөз катчылары чакырылган. 

 

"Азаттык"