Бишкек, “Саясат.kg”.  Кыргыз Улуттук Илимдер Академисынын президенти, академик Абдыганы Эркебаевдин “Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло” китеби жарык көрдү. Бул туурасында академик өзү редакциябызга сүйүнчүлөдү.

 

- Китебимде Кыргыз мамлекетинин өткөн жана учурда болуп жаткан орчундуу окуяларына таасын баа берилди. Ошондой эле кыргыз коомчулугуна аттын кашкасындай таанымал коомдук ишмерлердин, саясатчылардын, адабият өкүлдөрүнүн жана чет өлкөлүк замандаштарыбыздын ишмердигин иликтеп, портреттерин дагы түзгөнгө аракет жасадым. Булардын арасында Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Салижан Жигитов, Жусуп Мамай, Жумабек Ибраимов, Роза Отунбаева сыяктуу чыгаан инсандардын жасаган иштерине кең-кесири токтолдум, - дейт Кыргыз Улуттук илимдер Академисынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев.

 

“Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло" китеби кыргыз жана орус тилдеринде 500 гана нускада жарык көрдү. Китептеги “Карегимде Кара-Тейит”, “Баткен согушунун сабактары жөнүндө”, “Чек араны кайтаруу - улуттук ар-намыстын иши”, “Кыргыз илими кыймылда, бирок өзгөчө көңүл бурууга муктаж”, “Илимдин коломтосун өчүрүүгө болбойт”- аттуу макалалар түрмөгү тилинин жатыктыгы менен окурманды өзүнө гана тартып турат. Ошондой эле көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин жалпы маалымдоо каражаттарында жарыяланган маектери, ой толгоолору китептин мазмунун ого бетер байытып, автордун ар тараптуу көз карашынын тереңдигин дагы ого бетер айгинелейт.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз