Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн 31-декабрда кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн III даражадагы “Манас” ордендери менен сыйлансын:
Бутанаев Виктор Яковлевич - тарыхчы, этнограф, Н.Ф. Катанов атындагы Хакас мамлекеттик университетинин этнография лабораториясынын жетекчиси;
Өмүрбай уулу Макелек - тилчи, фольклор таануучу;
Худяков Юлий Сергеевич - тарыхчы, археолог, Новосибирск мамлекеттик университетинин археология жана этнография кафедрасынын профессору.