Ысык-Көл, “Саясат.kg”. Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев браконьерлерге каршы күрөштү чагылдырган атайын акцияга катышты. Анын үстүнө облус башчысы браконьерликке жана токойду мыйзамсыз кыюууга каршы үч айлык жарыялаган эле.

 

- Мындай иш-чара жергебизде биринчи ирет өтүп жаткан жери жок, - деди Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев. – Муну биз соңку тапта адатка айландырдык. Анткени, балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн ушундай чечкиндүү кадамдарга барууга мажбурбуз! Эгерде биз жаратылыштын тең салмактуулугун азыр бузсак, анын азабын кийин куп эле тартабыз. Муну үчүн бизди кийинки урпактарыбыз дагы эзели кечирбейт!

 

Баса, атайын рейде Орусиянын Кой-Сарыдагы аскер базасынын кайыктары кең-кесири пайдаланылды.

 

- Орусиянын аталган аскердик базасы менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Алардан бир нече катер-кайык сурап, көлдү туруктуу тазалоо боюнча дагы катуу аракет жасап жатабыз. Мындан тышкары балык түйүндөрүн акыр-чикирлерден арылтуу максатында «Ысык-Көл» биочөйрөсүнүн кызматкелерин дагы байма-бай тартып жатабыз. Ошентип,

браконьерлерди мындан ары аео деген таптакыр болбойт! – деп кошумчалады Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев.

 

Баса, Ысык-Көл облусунун башчысы өзү катышкан атайын рейд маалында 11 чакырым балык кармоочу торлор колго түшүрүлүп, бардыгы мамлекеттик экотехинспекциясынын өкүлдөрү тарабынан жеринде жок кылынды.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз