Ош, “Саясат.kg”. Ноокат районунун аймагында “Биз терроризмге жана диний экстремизмге каршыбыз” деген аталышта атайын акция өткөрүлдү. Иш-чара Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жана райондук билим берүү бөлүмүнүн биргелешкен аракетинин натыйжасында уюштурулду.

 

Буга чейин  Ноокат райоунун мектептердине “Терроризм жана диний экстремизм окуучулардын көзү менен” деген темада сүрөт сынактары өткөрүлгөн. Эми минтип иш-чарага ошол сүрөт сынактардын жеңүүчүлөрүнун сүрөттөрү пайдаланылган дубал гезиттер көрүүчүлөрдүн назарына салынды. Акция алгач көчө жүрүш менен башталып, Кулатов айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин жыйындар залында улантылды. 

 

Ноокат районунун прокурору Баймурза Жаанбаев акциянын катышуучуларына терроризм жана диний экстремизм боюнча кеңири түшүндүрмө жасады. Ошондой эле мыйзам тарабынан кандай жоопкерчиликтер карала тургандыгын дагы айтып өттү. Ал эми дин өкүлдөрү ата-бабаларыбыз тутунуп келген салттуу исламдын баалуулуктарын бекем сактап калууга чакырышты. Акциянын жүрүшү мектеп окуучуларынын терроризм жана диний экстремизмдин кесепетинен айрым үй-бүлөлөрдүн кайгылуу тагдырларын чагылдырган театрлаштырган көрсөтүү менен коштолду Жалпысынан бул иш-чарага Кулатов айыл өкмөтүнүнү аймагында жайланышкан 10 мектептин окуучулары жана мугалимдери катышты. Тетарлаштырылган көрсөтүүнө Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүнүн жашоочулары күбө болуп, кол чабышты.

 

Буга дейре мындай иш-чаралар Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, жана Араван райондорунун аймактарында өткөрүлгөн эле. 2016-жылы Ош облусунун аймагында диний экстремизм багыты боюнча 64 факты катталган. Терроризм багыты боюнча тагыраак айтканда жаңжалдуу жайларга чыгышып, «Жалданмачылык», куралдуу кагыдышууга, же согуш аракеттерине катыштыгы бардыгы боюнча 31 кылмыш иши козголгон. 2010-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилдерде Ош облусунун аймагынан 431 жаран чет өлкөлөрдөгү жаңжалдуу мамлекеттерге чыгып кеткендиги ырсталган.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз