Урматтуу окурман!

Кадырлуу кыргыз элим!

 

Көз ачып-жумганча дагы бир жылда артта таштап, жаңысына кадам таштаганы турабыз. 2016-жылда не бир түрдүү окуялар болду, анын баарынан сизди кабардар кылдык. Өкүнүчтүүсү, кайгылуу, жүрөк ооруткан кырсыктардан, адам өмүрүн алган бешенеге жазылчу көрүнүштөр да болду. А саясатыбыз оңолгон жок. Элди алдамай өзгөчө быйыл катуу жүрдү, ошондон да сиздин маанайыңыз чөгүп, эртеңкиге үмүтүңүз үзүлүп олтурганын байкап эле турабыз. Биз ишенген башчылардан ырк кетти. Бул кайсы бир тарах бетиндеги кырдаалды эске салып турганы да чындык. Анткен менен, сизге кайрылабыз, башты ылдый салбаңыз! Кыргыз качан эле жер карачу эле! Балким, биздин турмуштагы чыныгы өзгөрүүлөр бизди келерки жыл күтүп тургандыр? Даанышмандар божомолдоп айткан “кой үстүндө торгой жумурткалаган заман” келе жаткандыр? Эгер артты карап, быйыл жакшы нерсе таппай жатсаңыз, анда КВНдин жогорку лигасын жеңип алган кыргызстандык “Азия Микс” командасынын таланттуу балдар-кыздарынын тамашаларын эстеңиз. Боорукердик жок десеңиз жакында эле Төө-Ашууда 6 адамды өз өмүрүн тобокелчиликке салып жатып сактап калган эки студентти, чет жерде жүрсө да келаткан поездге тебелендиде калып кетеринен коркпогон эр жүрөк мекендешибизди эстеңиз. Ошондой окуялар келе жаткан 2017-жылы көп болсун! Кут даарыган мыкты жыл болсун! Жамандын баары ушул 2016да калып кетсин!

 

2017-жылы эл күткөн эң чоң окуя турат алдыбызда – президентти шайлоо. Отунбаеваны кошпогондо толук кандуу иштей турган төртүнчү президентти шайлайт экенбиз. Бирок, биздин кийинки тагдырыбыз акчасына, арагына, куру убада, жел сөзүнө алданбай жасаган туура тандообузга жараша болорун сезчү учур келип жеткендей. Ошол жагынан алып караганда, Кыргыстанга татыктуу, таза, эл жүгүн көтөргөн, чынчыл, чыныгы мекенчил адамдын президенттикке келишин Жаңы жылдык куттуктоо менен кошо каалайбыз!

 

2017-жыл элибизге жакшылыктарды көп берсин. Ар бир үйдө жетишкендик, чың ден-соолук болсун! Үй-бүлөдө бактылуу турмуш каалайбыз. Дагы бир жолу Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу окурмандар!

 

“Саясат.kg” жана “Майдан.кg” жамааттары