Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн балдар үчүн жаңы жылдык балатыга катышты.

 

Иш-чарага өлкөнүн региондорунан 1100 отличник окуучулар, олимпиадалардын, эл аралык конкурстардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ошондой эле кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болушкан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар-кыздар чакырылышкан.

 

Балдарга “Шаттык” элдик үлгүлүү хореография ансамблинин тарбиялануучулары жана башка балдар бий жамааттары тарабынан даярдалган оюн көрсөтүлдү.

 

Өз сөзүндө Алмазбек Атамбаев Жаңы жыл алдында балдар алдында сүйлөгөндө ар дайым толкунданаарын белгилеп, бала чагын эскерди.

 

Мамлекет башчынын айтымында, өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түштү, анткени, мунун баары биздин балдарыбыз үчүн, келечек үчүн жасалып жатат. “Ата-энелер үчүн балдардан кымбат эч нерсе жок”, - деди ал.

 

Ар түркүн өлкөлөргө саякаттоого мүмкүнчүлүк берген жаңы жылдык оюн тууралуу айта келип, мамлекет башчысы чет тилдерди үйрөнүү зарылдыгын белгиледи. “Силер чоңойгондо бул өлкөлөргө сөзсүз баргыла. Ошондуктан азыртан баштап тилдерди үйрөнүп, мүмкүн болушунча көп тилдерди билгенге аракет кылышыңар керек”, - деп кеңеш берди Алмазбек Атамбаев. Президент бардык элдерди, алардын маданиятын сыйлоо керек деп белгиледи. Канчалык көп калк болсо, ар түрдүүлүк болсо, дүйнө ошончолук кооз жана ар кыл болот.

 

“Эч убакта ишенимиңерден кайтпагыла. Максатка жетүү үчүн күрөшүү керек. Алдыңарга бийик максат коюп, ага жетүүгө умтулгула, ошондо ийгилик жаралат, - деди Алмазбек Атамбаев.  – Кереметке ишеним жүрөктө бекем сакталышы керек, ага аяр мамиле кылгыла, эч убакта ал ишеним өчпөсүн”. 

 

Президент кечээ өзүнүн Жарлыгы менен үч адамды “Даңк” медалы менен сыйлаганын айтты. “Анткени ал адамдар биз үчүн татыктуу жашоонун чыныгы үлгүсүн көрсөтүштү”, - деди Алмазбек Атамбаев.

 

Алардын бири, мамлекет башчысынын айтымында, майып экенине карабастан, башка адамдарды иш менен камсыз кылат, экинчиси – баса албайт, бирок, эмгектенип, балдарын багат. Үчүнчүсү – кыз. Ал буттарынын жок экенине карабай дүйнөлүк ар кандай конкурстарда жеңип чыгат. “Биздин балдарыбыз ар кандай кыйынчылыктарды жеңип чыгууга үйрөнүшү керек. Кыйынчылыктар бизди чыйралтып, жашоого үйрөтөт”, - деди ал.

 

Жаңы жылдык спектаклден кийин Алмазбек Атамбаев балдарды Жаңы жыл менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт жана окуудагы ийгиликтерди каалады.

 

Иш-чаранын аягында Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан балдарга белектер тапшырылды.