Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтү чөөлөрдү атып өлтүрүү үчүн атайын мергенчилерди жалдады. Анткени, бул жырткычтар районго караштуу Мамажан айылындагы мүрзөлөрдү катарынан казып, маркумдардын сөөгүн жеп ташташкан.

 

- Азырынча Кара-Суудагы чөөлөрдү өлтүрүү үчүн мергенчилерге 1500 миң сомдон төлөнүп жатат. Соңку маалыматка караганда, кутурган 11 чөөнүн үчөө гана атып өлтүрүлдү, - деди Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Тиллабаев. – Адегенде чөөлөрдү атып өлтүрүү үчүн Кара-Кулжа районунан мергенчилерди жалдаганбыз. Тилекке каршы, алар жырткычтарды таба албай коюшту. Кийин Абылкасым Жаныбаев аттуу жергиликтүү мергенчи менен сүйлөшүп ар бир атылган чөө үчүн 1500 сомдон төлөп берүүгө макулдаштык. Ал өзү эле үч чөөнү атып келди.

 

Мергенчи Абылкасым Жаныбаевдин айтымында, ал үч чөөнү үстүбүздөгү жылдын 8-декабрына караган түнү Мамажан менен Маданият айылдарынын чектешкен аймактагы эгин талаасындагы камыштардын арасынан атып өлтүрдү.

 

- Чөөлөрдү колго түшүрүү абдан эле кыйын. Алар үйүрү менен жүрүп, өтө акылдуу, куу жаныбарлар. Өтө тез көбөйөт. Камыштардын арасына, арыктарга, айдоо жерлерге билинбестен жатып алышат. Андыктан, издесең дагы таппайсың. Мен аңдып жүрүп өлтүргөн үч чөөнүн биринин салмагы 11,5, калган экөөнүн салмагы 12 килограмм, — деди мергенчи Абылкасым Жаныбаев. – Быйылкы жылдын башынан бери жалпы жонунан 14 чөө атып өлтүрдүм.  Булардын баары атайын казылган чуңкурга көмүлүп, зыянсыздандырылды.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити