Санаа тартып жаткан учуруңда түнү бою уктай албай кыйналат турбайсыңбы, нары оонап – бери оонап дегендей... Бая күнү мен дагы дал ушундай акыбалда калдым. Анан кантип оюң онго бөлүнбөсүн, айланайындар?! Деги эле жакшы башчыга жарыбай койбодукпу. Мени кыжаалат кылган нерсе ушул болчу. А дегенде кимиси болбосун “кыйратам-ойротом” деп убада берип, тим эле сөздүн гүлүн терип, эптеп такка отуруп алган соң шайлоочуларын жерип, эл байлыгын ысырапсыз чачып атышат. Абийирлери айрандай төгүлгөн кезде уурдаганын көтөргөн бойдон чет өлкөгө качып атышат.

 

Ошентип ойдолоктоп жатып, бир топтон кийин гана араң уктап кеткен экем. Түшүмдө Жапанияда жүрүптүрмүн. Мени алардын премьер-министри өзүнө жакын отургузуп алып, телевидение аркылуу элине кайрылуу жасап жатыптыр:

 

 “Урматтуу туугандар, окумуштууларыбыздын соңку табылгалары мени терең ойго салып койду. Мурда мен санжырадан, жомоктордон угуп, анчейин этибар албай жүргөн элем. Көрсө, Ала-Тоону мекендеген кыргыздар чындап эле жапан элинин бир туугандары экен. Тагыраак айтканда, биздин түпкү атабыз Жапар деген киши Кыргыз деген кишинин аталаш иниси болуптур. Улам мезгил өткөн сайын Жапар деген  ысым Жапанга айланып, анан Япон болуп өзгөрүп кеткен дешет. Жапардан таркаган балдар кыргыз байкелеринен бөлүнгөн соң азыркы Токиого... Кечиресиздер, ушул жерден дагы бир аз чегинүү жасап, Токионун байыркы аталышын да айта кетейин: Токио – кыргызча “Тоок-Уя” экен. Чамасы, тооктор көп жумурткалаган жер болгон го. Айтор, ушул Тоок-Уяга көчүп келгенден тартып тынымсыз эмгектенүүнүн натыйжасында өнүгүп кеткен имишпиз. Өзүңөр билесиңер, биздин илимибиз менен техникабызга азыркы кезде дүйнө жүзү суктанууда. Тилекке каршы, ушундай өнүккөн заманда кыргыз агаларыбыз дүйнөдөгү бардык элдерден артта калып жаткандыгы өкүнүчтүү. Кечээ жакында  алар жашаган аймакка изилдөө жүргүздүк эле, андагы имараттар дээрлик бүт эски типте экен. 15-20 чактысы гана заманбап курулуптур. Булар – мекемелерге таандык болсо керек деп ойлосок... жок, чиновниктеринин менчик үйлөрү болуп чыкты. Арасында мародерстводон байыгандарыныкы да бар экен.

 

Ушунда-ай, туугандар. Менин айтайын дегеним, биздин гүлдөп өнүгүп кеткен чагыбызда кандаштарыбыздын итке минген кедей бойдон калганы адилдик эмес. Ошон үчүн аларга токтоосуз жардам берели.

 

Мына, менин жанымда кыргыз үчүн күйгөн, Мекенин аябай сүйгөн, өзү чыккан ошол улуу элден, бизге конокко келген Ороз аке да олтурат. Өзү сатираны мыкты жазат экен. Ушул күнгө чейин бир дагы колдоо ала электиги таң калыштуу. Эгер бизден ушундай сатирик чыкканда, мойнубузга көтөрүп алмакпыз.”

 

Анан жапан инилерибиз башчысынын айтканын эки дебестен дароо ишке киришишти. Асман тиреген үйлөрдүн, чоң-чоң заводдордун жерпайларын  өтө тездик менен түптөп дегендей... айтор, Ала-Тоо жергесин гүлдөгөн аймакка айландырууну максат кылышып, күнү-түнү бел чечпей иштей башташты. Өздөрүнүн 6 миллион калк баткыдай чоң шаарын бошотушуп, ошол шаарга кыргыздарды убактылуу көчүрүп барышты. 

 

Жапанияга көчүп барган кыкемдер жомоктогудай эле ажайып жашоого туш келишсе болобу. Аларда бардыгы белен экен. Мына, жыргализм! Жогорку Кеңешибиз болсо, ал жактан да кезексиз сессияга чогулушуп, бирок, бир маселени чече албай иттей чайналышты. Жарыш сөзгө чыккан депутаттарыбыздын бир тобу:

 

- Бизге ушундай сонун камкордуктарды жасап жаткан Японияны биз мындан ары “ата” деп айтып жүрүшүбүз керек,- деген сунуш киргизишсе, айрымдары аларга минтип каршы болуп жатышты:

 

- Жок. “Ата” дегенибиз туура болбой калат. Андан көрө “апа” дешибиз керек.

 

Аңгыча, Жапониянын премьер-министри төмөндөгү маалыматты секратаршасы алып кирип берген кагаздан окуй коюп, чочуп кетти:

 

 “Байкелерибиздин чиновник-сөрөйлөрү бийлик талашып, кызыл-чеке болуп мушташууда. Мурда түндүк-түштүк, чыгыш-батыш болуп төрткө бөлүнүшчү экен. Азыр болсо, көчө-көчө болуп жүзгө бөлүнүп кетишиптир. Эпчилдери тияктан май-талканга колдорун кандай матырып жүрүшкөн болсо, бияктан да майлуу-сүттүү орундарды ээлеп алышып, дагы өнүктүрүүнүн ордуна талап-тоноо менен алек. Завод-фабрикалардан деталдарды, тетиктерди уурдап келе жаткандарынын жолдорунан тосуп чыгып: “Буларды эмне кыласыңар?” – десек, алар: “Таң... Буга өзүбүздүн да башыбыз маң. Биз уурдаганды гана билебиз”, - деп жооп беришти. Булардын негизги калкы жоош-момун, ишенчээк адамдар экен. Ал эми башчылары шумдук... биз Ала-Тоого заңгыраган шаарларды кургучакты, булар бияктагы шаарыбызды талап-тоноп, жылаңачтап бүтчүүдөй”.

 

Орозбек Бөрүгүлов

Булак: “Майдан.kg” гезити