Өткөн жылы эле азыркы бийликтин учурундагы “кылым курулушу” аталган Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу боюнча Россиянын айтылуу РусГидро ишканасынын ортосунда келишим түзүлүп, иш кызуу башталган болчу. Бирок арадан көп өтпөй көз тийгендей эле орус тарап каржылоону токтотуп, белгисиз жагдайда курулушту токтотуп койду. Бул жагдайды адистер “Өзбекстандын аталган ГЭСтин курулушуна каршылыгынан улам болду, Кремль Ташкент менен жең ичинен келишип алды”- деп чыгышкан. Аңгыча эле РусГидронун жетекчиси Е.Дод коррупцияга шектелип камакка алынды. Ошондон бери орус тарап кыргыз бийлигинен курулуш иштерине жумшалган 37 млн. АКШ долларын доолап келет.

 

Укук коргоочу Р. Карасартова бул иштин башында эле туура эмес башталагандыгын айтты: “Русгидро” дагы Кыргызстанга келип жатканда ал ГЭСтерди курбасын биз дароо эле билгенбиз. Анткени эсеп-кысаптарды жасап көрсөк бул инвестициялык проектиде бизге пайдасы жок болчу. Эгер ГЭСтер курулуп калганда өндүрүп чыгарган электр энергиянын баасы 5 сом 60 тыйындан айланмак. Ошондой чоң көлөмдө чыгарып алып, аны кайда сатмак эле деген маселе жаралган. Биздин мамлекеттин жаңы инвестор издеп жатабыз дегени дагы калп, каратып туруп эле “мына силердин келишимиңер, жоопкерчиликти алгансыңар” -деп туруп 37 миллион долларды кыргыз өкмөтүнүн мой­нуна илип коёт”. Эми бийлик алган бул акчаны ансыз деле жону жука карапайым эл төлөйбү?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити