Өлкөбүздүн түштүк борбору Оштогу асма көпүрөнүн “ыры” бүтсө да, “чыры” бүтпөй турган болду. Анткени алгач экс-мэр М.Мырзакматовду “мыйзамсыз баштаган, акча каражаты да жок” деп, дал ушул шылтоо менен аны куугунтуктап, сыртка чыгып кетүүгө мажбурлаган бийлик өзү бул көпүрөнү бүтүргөн болчу. Ал эми акчаны Россиядан алган. Тилекке каршы былтыр октябрда салынып бүтүп, президент А.Атамбаев өзү лентасын кесип, пайдаланууга берилген эстакадалык көпүрөнүн бүгүнкү кейиштүү абалын баяндаган сүрөттөр айрым социалдык түйүндөргө жарыяланууда. Анда жаңы көпүрө жарылып, бузула баштаганын, ал эми көпүрөнүн асты таштанды таштачу жерге айланганын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Ошол ачылыш салтанатында мэр А.Кадырбаев астында туруп, бекемдигине кепилдик берген менен бүгүн чөгүп жаткан болсо, анда өтө коркунучтуу экен. Эми Оштун мэриясы башкасы болбосо да, көпүрөнүн астындагы таштандыларды тазалап койсо болот эле да. Президент А.Атамбаев өзү лентасын кесип, “жалындуу” сөздөрдү сүйлөгөн ыйык жерди азыр өтө ыплас жайга айланып калышына да Бакиевдер күнөөлүүбү? Баса, жакында Астанада да бийликтин эрке баласынын курулуш фирмасы курган көпүрө кулап, өтө чоң жоготууга алып келди. Кудай эле сактасын, деги Айтмаматтын көпүрөсүнүн астынан абайлап өткүлөчү, оштуктар!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити