Бишкек, “Саясат.kg”. Узап бараткан жылда чек арадагы чыр-чатактар дээрлик эки эсе кыскарды. Чекара аймактарындагы конфликттерди азайтуу мындан ары дагы туруктуу улантылат. Бул туурасында Кыргыз чекара кызматынын төрагасы, полковник Мирбек Касымкулов Жалал-Абад жана Ош облустарында жайланышкан чек ара бөлүктөрүн кыдырып жатып билдирди.

 

Кыдыруу маалында Кыргызстандын башкы чекарачысы түштүктө жайланышкан бардык чекара отряддарына бирдей баш бакты. А түгүл чек аралардагы өткөрмө бекеттердин акыбалы менен дагы кеңири таанышты. Ошентип, Кыргыз-Өзбек, Кыргыз-Тажик жана Кыргыз-Кытай чекараларындагы кырдаалды дагы абдан бекем байкаштырды.

 

- Узап бараткан жылда кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик, кыргыз-казак чекараларындагы чыр-чатактарды дээрлик эки эсеге азайттык. 2015-жылы 22 инцидент катталса, 2016-жылы мунун жалпы санын 12ге дейре кыскарттык. Бул аракетибиз быйыл дагы улантылат. Ал эми келаткан 2017-жылда Чекара кызматынын жетекчилиги жана өздүк курамы жемкорлук көрүнүштөргө дагы ырааттуу түрдө күрөшүүсүн дагыле улантат. Бул өңүттө системалуу кадамдарды дагы жасайбыз. Баарынан мурда аскердик бөлүктөрдүн командирлерине жана башкармалыктардын жетекчилерине аскердик тартипти абдан күчөтүү, буга улай өлкөнүн коргонуу коопсуздугун күчөтүү тапшымалары дагы берилди, - деди кабарчыбызга Кыргыз чекара кызматынын төрагасы, полковник Мирбек Касымкулов.

 

Кыргыз чекара кызматынын төрагасы, полковник Мирбек Касымкулов түштүк жергесине сапарынын соңунда Ош облусунун жетекчилиги, жергиликтүү бийлик башчылары, укук коргоо органдарынын начальниктери менен атайын кеңешме дагы өткөрдү. Чекараларды кырдаал курчуган маалда биргелешип иштешүү аракеттери кең-кесири талкууланды.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз