Мындай көрүнүшкө чектөө коюу максатында Жогорку Кеңештин эрте нике кыйууга тыюу салган мыйзам долбоору колдоо тапкан. Ага президент ноябрь айында кол койгон.

 

Эми 18 жашка чыга элек кыздарга нике кыйылса, кыздын ата-энеси, нике кыйган молдо жана үйлөнүүгө бел байлаган жигит (жакындары да) 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

 

“Эселек кезде эрте турмуш куруп, турмушу бузулган жаш кыздардын саны өсүп жатканы өкүнүчтүү”,- дейт “Демилгелүү ишкер аялдар” коомунун жетекчиси Авазхан Ормонова. Ал “баарынан мурда тебеленген укук, ажырашуунун кесепетинен жапа чеккен балдардын келечеги кандай болот?”- деген маселени көтөрөт. Өкмөттүк эмес уюмдардын иликтөөсүндө жашы жете элек же өспүрүм курагында турмуш курган кыздардын саны барган сайын өсүүдө. Кейиштүүсү турмушка даяр боло элек эселек кыздар, ортодо балдар чайналууда. 

 

Ислам дининде ар бир балакатка жеткен кыз турмушка узатылуусу зарыл деп карманышат. Ага мыйзамдар менен бөгөт койгонго болбойт дешет. Бирок анткен менен жаңы кабыл алынган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө зарыл дегендер бар.

 

Буга чейин маалым болгондой, дин өкүлдөрү да бул мыйзамдын аткарылышы боюна эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы кабарланган.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №45, 15.12.2016-ж.