Ага мүмкүнчүлүгү барлар кийим-кечелерди илип кетишсе болот. Ал эми муктаждар кайрымдуулук текчесиндеги кийимдерди алып, пайдалана алышат. Демилгени “Инсан таануу” коомдук уюмунун активдүү жаштары көтөрүп чыккан.

 

"Мүмкүнчүлүгүң болсо ил, муктаж болсоң ал!" деп аталган текчени уюштуруунун максаты муктаж жарандарга кайрымдуулук көрсөтүү менен жаштарды кайрымдуу болууга үндөө болуп саналат.

 

Ал текче Курманжан Датка көчөсүндөгү мечиттин жанына жайгаштырылган. “Инсан таануу” коомдук уюму буга чейин Ош шаарындагы аялдамаларга бут кийимдерди тазалоочу каражаттар салынган кутучаларды орноткон. Эми оштуктардын бул кайрымдуулук кадамы өлкөбүздүн башка аймактарына да жайылып, байлардын батпай жаткан кийим-кечелери жакырларга берилсе, алардын жакшылыгын Кудай деле колдойт болуш керек. Эң негизгиси элибиздин ыймандуулук, кайрымдуулук сапаттары калыптанат эле.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №45, 15.12.2016-ж.