Бир жылдан бери кыргыз-тажик чек арасында жаңжал болбой, ок атылбай тынч жашап жатканбыз. Бирок 28-ноябрда Баткен облусунун Самаркандек айылындагы тактала элек чегара тилкесине Тажикстандын чек арачылары кирип келип, асманга ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын билдирүүсүндө, кошуна чек арачыларда тактала элек тилкеге кирүүгө, асманга ок атууга эч кандай негиз жок болчу. Окуя эртең мененки саат 8:25те болгон. Тажик чек арачыларынын ок чыгаруусуна кыргыз чек арачылары дагы асманга эскертүү катары ок чыгарып жооп берген. Окуядан эч ким жабыркаган эмес. Натыйжада Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрү жолугуп, кыргыз тарап тажик чек арачыларын чагымга жол бербөөгө чакырды. Тараптар бүгүнкү көрүнүштү иликтөөгө токтолушуп, чек арачылар болжолдуу чек арадан 100 метр алыстыкта болушу керектигин белгилешти. Мамлекеттик чек ара кызматынан учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чегара тилкесинде абал туруктуу экенин кошумчалашты. Ылайым эле ошондой болсун. Бирок И.Каримовдон кийин эң талаштуу деп саналган Өзбекстан менен талаш аймактар сүйлөшүү жолу менен чечилип жатканда тажик кошуналардын чак түштө ок атып жатышы бир балээнин белгиси эмеспи?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №43 (274), 30.11.2016-ж.