Эгер эсиңиздерде болсо, өткөн жылы бийлик тарабынан Улуттук илимдер академиясын жоюу, анын алдындагы институттар менен лабораторияларды ЖОЖдорго өткөрүп берүү демилгеси көтөрүлгөн. Көрсө, бир жаны кашайган аял “молдоке, мен жаным менен убара, сиз мени... менен убара”,- дегендей, жогор жактагыларга мамлекеттин мээси жана пайдубалы болгон илим тармагы жоюлуп кетсе да анын имараттары менен чарбалары керек болгон экен. Чындыгында азыр парламенттин бюджетинин жарымына барабар болгон, депутаттардын 25 миң сом алган шоопурларынын маянасынын төрттөн бир бөлүгүн алган окумуштуулар айла жок гана иштеп жүрүшөт. Көпчүлүгү ЖОЖдорго, мектептерге сабак берип жан багышат. Канткен менен окумуштуу, академиктер акылдуу катмар эмеспи, өзгөчө президенти А.Эркебаевдин көшөргөн каршылыгы жана алданып кетпегендиги менен тармак сакталып калды. Бирок өкмөт акең бир гана талап – реформа, кыскартууларды жүргүзүү шарты менен гана макул болгон. Ошондуктан жакында 25 институтут 16га кыскарып, жашы 70тен ашкан жетекчи кызматтагылар өз арызы менен ордун бошотушкан болчу. Реформанын негизинде 40% кызматкерлерди кыскартары маалымдалган. Эгемендүүлүк алган жылдары академияда 4 миң кызматкер иштесе, учурда 1940 адам калган.Ошол эле учурда катардагы кызматкерлер кала берген. Бирок 28-ноябрда ошол кыскарган окумуштуулар митинг өткөрүштү. Акция катышуучулары “илимди жоготпогула!”, “кыскартууну талкалоо менен айырбаштабагыла!” деген өңдүү жазууларды кармап алышкан.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №43 (274), 30.11.2016-ж.