Чыңгыз Айтматовдун “Флейта и земля”  (“Чоор жана жер”) деп аталган, мурда жарык көрө элек чыгармасы табылганын Кыргыз улуттук илимдер академиясынан кабарлашты.

 

Бул чыгарма жөнүндө окурмандар бир нече жылдар мурда кабардар болгон эле. Бирок, бул чыгарманын мааниси жана мазмуну жөнүндө кол жазманы алгач академик Абдылдажан Акматалиев окуп чыгып, өз ой-пикирин билдирген. Жакында А.Акматалиев “Флейта и земля” чыгармасынын үзүндүлөрү Болгариянын “Пламък” (1973-ж.),  “Литературный фронт” (1974-ж.)  аттуу журналдарында жана болгар тилинде жарык көргөн чыгармалар жыйнагынын 2-томунда 1974­–1976-жылдары жарык көргөндүгүн таап чыкты.

 

Бул таң калыштуу окуя жөнүндө академик, “айтматов таануучу” мындай дейт: “Жазуучу өзүнүн макалаларында, маектеринде, же сүйлөгөн сөздөрүндө бул чыгармасы жөнүндө бир да жолу эскерген эмес. Чыгарма орус тилинен болгар тилине которулган. Болгар окурмандары 40 жылдан бери Ч.Айтматовдун бул чыгармасына күбө болуп келет, а бизде али күнгө чейин колубузга жете элек. Анын үстүнө бул факт “Флейта и земля” чыгармасын Айтматов жазган эмес деген кээ бир ишенбөөчүлөрдүн ойлорун жокко чыгарды. Чыгарма Чоң Чүй каналынын курулушуна байланыштуу окуяларды камтыйт. Мен бул чыгарманын болгар тилинде жарык көргөнүн үч жылдай издеп, акыры Болгариядан таап, алдырттым”.

 

А.Акматалиев мындан сырткары аталган чыгарманын башкы каарманы Бейше Асакеевдин Улуу Ата мекендик согуш учурунда Сталинградда баатырларча курман болгондугун да тактап чыкты.

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить