Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамтүзүм, соттук-укуктук маселелер жана регламент комитетинин жыйыны бүгүн, 29-ноябрда болбой калды. Анткени, кворум чогулган жок.


Саат 10до башталчу комитет жыйынына 10дон өтүп болгону төрт депутат келди. Комитет төрайымы Асел Кодуранова кворум чогулбагандыктан, мыйзамга ылайыктап комитет жыйынын өткөрүүнү токтотту.

 

Жыйындын күн тартибиндеги 12 маселе ошентип, чарчаган депутаттардын айынан каралбай калды.

 

Келген төрт депутат Асел Кодуранова, Иса Өмүркулов, Айнуру Алтыбаева, Чолпон Жакупова болсо, келбегендердин катарына А. Шыкмаматов, И. Масалиев, Б. Төрөбаев, Т. Шайназаров, М. Абдылдаев, Н. Алимбеков, К. Зулушев, К. Исаев, А. Өмүрбекова, Ө. Бабанов, К. Бокоев, У. Жылкыбаевдер кирди.