Бул тууралуу Кыргызстандагы IWPR өкүлчүлүгү билдирди.

 

Маалыматка караганда, ВИЧ-инфекцияны алып жүрүүчүлөрдүн саны акыркы 10 жылда 8 эсеге көбөйгөн. 2005-жылы 826 адам катталса, 2016-жылыбул көрсөткүч 6 миң 730га жеткен. Анын арасында маңзаттарды пайдаланган инфекция алып жүрүүчүлөр 3 миң 223тү көрсөтөт.

 

Ошол эле убакта СПИД, кургак учук жана малярия менен күрөшүү Глобалдык фонду акырындык менен аталган инфекцияларга күрөш жүргүзүүгө каражат бөлүп берүүнү азайта баштады. 2018-жылы Кыргызстандагы күрөштү каржылоо толугу менен токтотулат.

 

“ВИЧти аныктоо жана дарылоо, профилактикалык программалардын токтотулушу эпидемияны көзөмөлгө ала албай калып, кескин көтөрүлүшүнө жол ачып берүүсү мүмкүн. Бул калктын ден соолугуна, жашоосуна жана генефондго коркунуч келтирет”, -деп  IWPR кабатырланууда.

 

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүүлөрдүн көбү расмий катталгандар жана алар эң ылдыйкы көрсөткүч менен эсептегенде 81 миңден ашуун адамды түзөт.