Бишкек, “Саясат.kg”.   Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

 

Мыйзамды КР Жогорку Кеңеши 2016-жылдын 20-октябрында кабыл алган.

 

Мыйзамдын максаты - жашы кичине балдар (14 жаш куракка чейинкилер) сыяктуу жашы жете электердин өмүрүнө, саламаттыгына жана кол тийбестигине каршы ата-энелер, мыйзамдуу асырап алгандар же балага камкордук көргөн кайсы гана адам тарабынан болбосун кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат.

 

Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы адамдар тарабынан кичине балдарга карата жасалган кылмыштар жоопкерчилиги күчөтүлгөн жагдайлар катары таанылат (КР КЖК, 55-б., 1-б., 18-п)

 

102-берененин (Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү),  104-берененин (Саламаттыкка атайылап оор зыян келтирүү) жана 105-берененин (Саламаттыкка атайылап азырак оор зыян келтирүү) курамдары кичине балдарга карата кылмыш жасоо белгиси катары аныктоо менен толукталды.                    

 

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн тартып күчүнө кирет.