Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абжапар Бекматовдун айтуусуна караганда, шайлоочуларды сатып алуу фактылары табыла турган болсо, буга саясий партиялар менен депутаттыкка талапкерлер жооптуу болушат.

 

Бүгүн маалымат жыйынында келе жаткан жергиликтүу шайлоо тууралуу сөз болду.

 

А. Бегматовдун айтымында, жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүгө 1 902 шайлоо участоктору уюштурулду. Ал эми референдумга 2 365 шайлоо участоктору белгиленген.

 

“Шайлоонун жаңы технологиясынын киргизилиши бюллетендерди ашыкча салууну жана “карусель” ыкмасындагы добуш берүүнү токтотот. Бирок, шайлоочуларды сатып алуу негизги маселе бойдон калууда”, - деди төрага орун басар.

 

“Добуш сатып алуу болсо ага уюштуруучулар, саясий партиялар, талапкерлер менен бирге добушун сатууга макул болгон тарап да жоопкер болушат. Жаңы мыйзам долбоору жакында эле иштелип чыгып, 3-окууда кабыл алынышы мүмкүн”, - деп кошумчалады ал.

 

Жергиликтүү шайлоо 11 –декабрга белгиленген. Мында өлкө боюнча 22 шаарда жана 380 айыл аймактарында шайлоо болот.