Дарыгерлер суук аба ырайынын адамдын организмине тийгизген пайдасы жана зыяны тууралуу айтып беришти.

 

 

 

Бул тууралуу Межик форум маалымат порталында жазылды.

 

Анда айтылгандай, шамал, кар, абанын ылдыйкы температурасы адамдарга кандай таасир берээрин медицияна кызматкерлери чечмелеп беришкен.

Адамдар арасында ар кандай инфекцияларды жуктуруп алуу, же шамалдап калуу сыяктуу коркунучтар сууктун келиши менен күчөйт.  Муздак абадан ооз менен дем алуу өпкөнүн спазмасына жана астмага алып келиши мүмкүн. Температуранын ылдыйлашы атмосферанынын басымынын түшүшүн шарттайт, бул баш ооруларды пайда кылышы мүмкүн.

 

Андан тышкары суук аба ырайы адамдын интимдик жашоосуна да таасирин берет. Күндүн нурунун алсызданышынан улам адамдын организминде серотониндин иштелип чыгышы сээлдейт, бул көңүл чөгүүгө алып келет.

 

Ал эми сууктун пайдалуу жагы: илим ылдыйкы температура адамдын организминдеги ашыкча майларды жоготууда    натыйжалуу жардам берет. Кеч күздө жана кышында мээнин иштөөсү күч алып, окууга жана иштөөгө бир топ жеңил болот.