Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын актуалдуу жана келечектүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

 

Казакстандын коргоо министри коргонуу жана коопсуздук тармактарында, ошондой эле жаңы тобокелдиктер менен экстремисттик жана террористтик топтордун ишмердүүлүгүнүн жаңы түрлөрүнө ыкчам реакция кылуу боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

 

Андан сырткары өлкөнүн коргонуу мекемесинин башчысы өзбек кесиптешин Казакстанда өтө турган атайын бөлүктөрдүн «АрМИ-2017» эл аралык армия оюндарына чакырды.