Мегаком иши боюнча өткөн сот процессинде Абековдун жактоочусу Абас Мамбетакунов анын баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырууну соттон суранды.

 

“Абеков төрт жылдан бери СИЗОдо отуруп, ден соолугу начарлады. Моюнунда грыжа пайда болуп, анын кесепетинен колу иштебей калып атат. Азыр да ооруп атса да сотту сыйлагандыктан, соттук процесске келип, сиздин көзүңүзчө дары ичип отурат. Ага операция жасалышы керек, сапаттуу медициналык камкордук да зарыл. Отурган камерасына күндүн нуру тийбейт экен. Абековго жасалгандай мамиле жада калса террорист, же маньякка да жасалбайт. Өзүнүн абийирин бийик койгондуктан тергөөдөн качкан эмес”, - деди жактоочу.