Маалыматка караганда, 2013-жылы Жарандык авиация агенттигинин мурдагы бөлүм башчысы У.Ш. “А” компаниясына таандык Ми-8 тик учагын аба кемелеринин тизмесине каттоо үчүн жалган уруксат документтерди жасаган жана берген. 2014-жылы “А” компаниясы бөлүм башчыдан Ми-8 тик учагын сатуу үчүн аны тизмеден алып таштоону сураган, өтүнүч орундатылган. Натыйжада Ми-8 тик учагы “М” компаниясына сатылып кеткен.

 

Бирок 2016-жылы “М” компаниясынын башкы директорунун кайрылуусу менен аталган тик учакка берилген документтердин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Жарандык авиация агенттиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.

 

Комиссия Ми-8 тик учагы өлкөнүн аба кемелеринин тизмесинде катталбаганын жана агенттик тарабынан эч кандай уруксат документтер берилбегенин аныктаган.

 

Комиссияга берилген документтер Жарандык авиация агенттигинин оргиналдуу документтерине окшош болуп чыккан. Аларда башка компанияга берилген номерлер, тыкыр көзөмөлгө алынган, бирок эсеп-кысаптан чыккан, жок кылынган бланктар колдонулган.